Мургабда мектепке чейинки балдар үчүн кыргызча китептер жок

Бул тууралуу “Азаттыкка” Тажикстандагы “Балдарды кичинекейинен өнүктүрүү” программасынын координатору Жамшед Курбанов маалымдады. Анын айтымында, аталган программанын алкагында 2011-жылдан бери жер-жерлерде балдарды мектепке даярдоо борборлору ачылып жатат. Ушундай борборлордун бири Мургаб районунда кыргыз тектүү жарандар жыш жашаган аймакта ачылган.

 

Курбанов алардын уюму негизинен тажикче, орусча китептер менен камсыз кылышарын, бирок Мургабда жергиликтүү элдин өз эне тилиндеги китептердин жоктугунан кыйналып жатышканын айтып берди. Ушундан улам Кыргызстандагы кесиптештерине, ЮНИСЕФ өңдүү эл аралык уюмдарга кайрылышууда.

 

Мургабда он төрт минден ашуун адам жашайт. Анын сексен пайыздан ашыгын кыргыздар түзөт. Райондогу он бир орто мектептин ону кыргызча окутат. Буга чейин мектептерде деле кыргызча китептер тартыш экени кабарланып жүргөн. (EBM)