Мургабчы туугандар кыргыз жарандыгын алышты

Урматтуу Мургабчы туугандар Кыргызстанда мамлекеттик жарандык боюнча комиссия документтерин даярдаган 646 адамга кыргыз жарандыгын берүү указдарына президент кол койду. Алардын көбү Мургабтан, Жергеталдан жана Өзбекстандан көчүп келишкен кыргыздар. Бул тууралу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирген. Биринчи 3 указда 29 балага жана 617 курагы жеткен адамдарга кыргыз жарандыгы берилсе, экинчи 2 указда 184 киши өз каалоолору менен кыргыз жарандыгынан чыгарылган.

 

Эгер туугандар сиздер ушул тизмеде кимдер бар экенин билгиниздер келсе сайттын админ. кайрылыныздар тизме бар.