Мургаб районунда жаңыдан райондук имам-хатиб шайланды

Мургаб районунда жаңыдан райондук имам-хатиб шайланды

Айдакеев Ыхбалбек Бурханович 1976-жылы 3-февралда Мургаб районунун Мургаб айылында кызматчынын үй бүлөсүндө төрөлгөн. 1983-жылы Мургаб айылындагы Ленин атындагы №1 орто мектебине окууга барып, 1994-жылы бүтүргөн. 1995-2000-жылдары Баткен облусунун Хайдеркен районундагы Азрети Али медресесинде окуп, имам-хатиб, мударистик билимин алган.

 

2000-2007-жылдары Мургаб районундагы Манас атындагы орто мектепте араб графикасынан сабак берип, мугалим болуп, ал эми 2007-2008-жылдары Мургаб жамаатында дин иштери боюнча адис болуп эмгектенген. 2009-2017-жылдары Мургаб жамаатынын Ош көчөсүндөгү мечиттин имамы болуп келди. 2017-жылдын октябрь айында Мургаб районунун Осмон уулу Нияз атындагы борбордук мечитте райондук имам-хатиб болуп шайланды.

 

 

Айдекеев Ы. Б. Мургаб районунун мурунку райондук имам-хатиби Байматов Токтали ажынын ордуна келди.

 

Айдакеев Ыхбалбек Бурхановичтин Мургаб районунун эл-жери жана ислам жолундагы бул жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалайбыз.

 

“Сары кол-пресс”

www.sary-kol.ru