Мургаб районунда “Ат чабыш” фестивалы өтөт

Кыргыз аттарына жана көчмөндөрдүн салтына арналган "Ат чабыш" маданий жана спорттук фестивалы 17-18-июлда Тажикстандын аймагында Мургаб районунда болот. Бул иш чара жөнүндө бүгүн "Кыргыз аты” уюмунун жетекчиси Жаклин Рипар жарыя кылды. Уюштуруучулардын айтымында, "Кыргыз аты” уюму уюштуруп жаткан "Ат чабыш” фестивалын быйыл төрт жерде - Алайда, Барскоондо, Токтогулда, Мургабда жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте өткөрүү пландаштырылган.

 

Бирок Кыргызстанда кырдаал кыйындап кеткенин эске алып, быйыл бир гана Мургабда өткөрүү жөнүндө чечим болду. Калган аймактарда фестиваль эмдиги жылга которулду. "Кыргыз аты” уюму Франциянын элчилиги менен биргеликте фестивалды өткөрүүгө техникалык жана каржылык колдоо көрсөтөт. Фестивалдын программасында кыргыздардын көчмөн турмушундагы ат чабыш, улак тартыш, оодарыш, кыз куумай сыяктуу ат оюнардары болот, ошондой эле акындар жана манасчылар өнөрлөрүн тартуулайт.