Мектеп сулуулары

Мектеп сулуулары

12-март күнү А.Ахмедшарипов атындагы №1 жалпы орто билим берүү мекемесинин 8-9-10-11-класстын кыздарынын катышуусу менен кыздар арасында “Сулуулар конкурсу” болуп өттү. Аталган конкурска ата-энелер, эжекелер, окуучулар келип жана атайын калыстар тобу түзүлүп, жаш эжекелердин активтүү жетектөөсү менен кызыктуу конкурс болуп өттү.

 

Бул конкурста кыздар кол өнөрчүлүктөрүн көрсөтүү менен бирге даамдуу тамактарды жасап, ырдап бийлеп, көпчүлүктүн көңүлүн алышты. Ошондой эле 1-орунду алган 11-класстын окуучусу Эрмек кызы Нурсулууга “Мектеп сулуусу” деген наам ыйгарылды. 2-орунду алган 8-а класстын окуучусу А.Таштемировага “Мектеп ажары” деген наам ыйгарылды. 3-орундун ээси болуп 10-класстын окуучусу Турганбаева Н “Мектеп таланты” деген наам ыйгарылды.

 

Конкурсту уюштурган жаш эжекелер тарабынан жалпы катышкан кыздарга грамматаларды жана белектерди тапшырышты.