Ленин чокусу мындан ары Манас-Ата зоосу деп аталат

Ленин чокусу мындан ары Манас-Ата зоосу деп аталат

Ленин чокусу мындан ары Манас-Ата зоозу деп аталат. Бул туурасында Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-октябрда “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” кол койгон жарлыгында айтылат.

 

Ал жарлык менен 7 жана 8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү болуп, дем алыш деп жарыяланды. Эгер депутаттар эмгек кодексине тийиштүүү өзгөртүүлөрдү киргизип үлгүрсө, ушул жылдан тартып иш күн эмес, майрам күндөрү болот. Ошондой эле бул жарлыктын негизинде кабылданган токтомго ылайык, мындан ары Ленин чокусу Манас-Ата зоосу деп аталмай болду.

 

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өз ара аракеттенүүдө Ленин чокусунун аталышын Манас-Ата зоосу деп өзгөртүү жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушталсын, анткени бул бүгүнкү күндө Кыргызстан элинин көп кылымдык тарыхы менен бекемделген жападан жалгыз туура чечим болот",-деп айтылат токтомдун текстинде.