Кыргызстанда жарандык ала албай жүргөн 10 миң этникалык кыргыз бар

Кыргызстанда жарандык ала албай жүргөн 10 миң этникалык кыргыз бар

Бүгүн, 16-ноябрда Баткен шаарында миграция жана этникалык кыргыздардын маселелери талкууланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады. Иш-чарага Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү, этникалык кыргыздар катышууда.

 

Баткен районунун акиминин орун басары Кишимжан Кадырованын айтымында, буга чейин Баткен аймагында миграция маселесин чечүү үчүн атайын кадрлар иштеп турушкан. Этникалык кыргыздар жарандык алуу үчүн Бишкек шаарына барып каттоодон өтүп убара болчу эмес. Бирок учурда аймактарда миграция кызматынын тейлөө борборлору жоюлуп кеткендиктен, эл борборго барып, каттоодон өтүүгө аргасыз болуп жатышат.

 

Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетованын айтымында, учурда Кыргызстанда жарандык ала албай жүргөн 10 миң этникалык кыргыз бар. Такыр катталбагандардын саны 6 миңге жетет.

 

Жыйында Баткен районунун аймактарынан келген этникалык кыргыздар өздөрүнүн суроолоруна жоопторду алышууда.