Кыргызстанда 37 миңден ашык кайрылман катталды

Кыргызстанда 1-октябрга карата туруктуу жашоо үчүн 37 миң 454 этникалык кыргыз кайрылып, 9 айда 1158 күбөлүк берилди.

 

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматына караганда, кайрылмандардын 19 миң 791и Өзбекстандан, 17 миң 424ү — Тажикстандан, 36сы — Россиядан, 71и — Кытайдан, 29у — башка мамлекеттерден келген.

 

Этникалык кыргыздардан негизинен Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарында турушат. Алар квалификациясыз жумуштар менен алектенише тургандыгы белгиленет.