Кыргыз өлкөсүндөгү тажиктердин коомдук бирикмеси: "Кыргыз жеринде 50 миңден ашуун тажиктер жашашат"

"Кыргыз менен тажик элинин ортосундагы турмуштук көйгөйлөрдү дипломатиялык жолдор менен чечүү үчүн биздин бирикме бардык күчүн жумшайт", - деп билдирди Кыргыз өлкөсүндөгү тажиктердин Абуабдулло Рудаки атындагы коомдук бирикмесинин жетекчиси Равшанбек Сабиров бүгүнкү маалымат жыйынында.

 

"Кыргыз-тажик мамилелери учурда абдан жакшы өнүгүп жатат. Тажикстандын Мургаб, Жерге-Тал райондорунда этникалык кыргыздар, ал эми Кыргыз жеринде 50 миңден ашуун тажиктер жашашат. Ооба, Баткен облусунда кыргыздар менен тажик элинин ортосунда кээде турмуштук көйгөйлөр жаралып калып жатат.

 

Биз тууган эл экенибизди унутпашыбыз керек. Достугубуздун 1000 жылдык тарыхы бар. Алсак, улуу "Манас" эпосундагы Санирабига эжебиз акылдуулугу, мээримдүүлүгү менен кыргыз элинин урматына алынып, Каныкей деген ысымга ээ болгон.

 

"Манас" эпосун тажик тилине которуу алгачкы кадамыбыз. Буюрса, кийинчерээк "Семетей", "Сейтек" эпосторун которуу пландарыбыз бар", - дейт Р.Сабиров.

 

Эске сала кетсек, кыргыздын улуу "Манас" эпосу тажик тилине которулуп, 500 нускада басылып чыкканы бүгүнкү маалымат жыйынында белгилүү болгон.