Хорогдо калк кайрадан көтөрүлдү

Xorog 1Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору - Хорогдогу кырдаал шаршембиде кайра курчуп кетти.

 

Ага Бадахшандын бейформал лидерлеринин бири Имомназар Имомназаровдун өткөн түнү өз үйүндө өлтүрүлүшү себеп болду. Тажик бийликтери анын өлүмүнө тиешеси жоктугун айтып чыгышты. Окуя Тоолуу Бадахшанда жакынкы уруштан кийинки чыңалган кырдаал жөндөлө баштаган кезге туш келди. Шаар акимчилигинин алдына чогулгандар таш ыргытып, мэрия имаратынын айнектерин талкалашкан. Кыжырданган топ имаратка кирүүгө аракеттенгенде коопсуздук күчтөрүнө асманга ок чыгарууга туура келген.

 

 

Хорог университетинин окутуучусу Лолои Давлатбек “Азаттык” радиосунун тажик кызматына шаршембидеги окуялар тууралуу буларды айтты:

 

- Мен бир дагы саясий партияга кирбейм. Биз окуу жайда кабыл алуу иштери менен гана алектенип жатканбыз. Бирок көчөдө кырдаал чыңалып бара жатканын көрүп турдук. Кыжырланган кишилер таш ыргыта башташты. Мен адамдардын тобуна келип кошулдум, бирок буга кырдаалды турукташтыруу максатында гана бардым. Биз шаарда аскерлер турганда кырдаал жөнгө салынбай турганын билебиз. Бул үчүн аскерлер шаардан чыгарылып кетүүсү керек.

 

“Азаттык” радиосунун тажик кызматынын кабарына караганда, Хорогдун Вахдат аянтындагы демонстрацияга бери дегенде 3 миңдей киши жыйналды.

 

Бейформал лидердин өлүмү

 

Xorog 2Митинг болуп жаткан жерге Бадахшандын бейформал лидерлеринин бири, өткөн түнү өз үйүндө киши колдуу болгон Имомназар Имомназаровдун сөөгү да алынып келинген. Имомназар Имомназаров Кабарларга караганда, Имомназаров түндө өз үйүндө киши колдуу болгон. “Азаттыктын” тажик кызматына маалымат берген булактардын айтымында, белгисиз куралчандар түнкү төрт чендерде Имомназаровдун үйүнө граната ыргытып, артынан автоматтан аткылашкан. Ал өткөн айда Хорогдо Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Тоолуу Бадахшан облусу боюнча башчысы, генерал Абдулло Назаров өлтүрүлгөндөн кийин расмий Душанбе адам сатты, наркозаттарды жана балуу таштарды контрабандалады, мамлекеттик каражаттарды ыйгарып алды деп айыптаган беш адамдын бири эле.

 

Алардын баары жарандык согуш учурунда мурдагы тажик оппозициянын талаа командирлери болушкан, кийинчерээк Тоолуу Бадахшандын бейформал лидерлерине айланышкан. Тажикстандын өкмөттүк күчтөрүнүн Хорогдо генерал Назаров киши колдуу болгондон кийинки аскерий операциясы негизинен ушул беш адамга каршы багытталган. Ок атышуулар токтогондон кийин ортомчулар аркылуу Хорогдо сүйлөшүүлөр жүргөн. Сүйлөшүүлөрдүн артынан ал бейформал лидерлердин эң таасирлүүсү деп саналган Толиб Аёомбеков өткөн аптанын башында бийликтерге багынып берип, тергөө менен кызматташа баштаган. Бийлик меннен сүйлөшүүлөр учурунда куралын тапшыргандарга мунапыс убада кылынгандай. Сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылган, өзүн Жыйырманын тобу деп атаган уюмдун ырастоосунда, Тоолуу Бадахшандагы бейформал лидерлердин баары эле прокуруратурага суракка келип жатышкан. Андыктан Имоманазаровдун өз үйүндө киши колдуу болушу расмий Душанбенин кепилдиктери боюнча жергиликтүү тургундардын күмөн саноосун жараткандай. Шаршембиде Хорогдо митингге чыккандар өкмөткө жана ортомчуларга ишенүү менен калк колундагы куралдарын өткөрүп беришкенин билдирип, тажик президенти Эмомали Рахмондон кыянатчылыктарды токтотууну талап кылышкан.

 

Отко май тамызууга ким кызыкдар?

 

Тажик бийликтери Имомназаровдун өлүмүнө тиешеси жоктугун айтууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү орусиялык “Интерфакс” агенттиги менен маегинде бул окуя тынчтык жараянга терс таасирин тийгизгенин белгилеген. Тоолуу Бадахшанда кырдаалдын курчушуна тажик бийлиги кызыкдар эмес эле деген пикирди айрым тажик саясат таануучулары да карманышууда.

 

Душанбелик саясат таануучу Парвиз Мулладжанов “Азаттык” менен маегинде бул тышкы күчтөрдүн чагымы болушу мүмкүндүгүн белгилеп, дал ушундай көрүнүштөр жарандык согуш жылдары орун алып турганын эске салды:

 

Xorog 3- Биз билгенден бул жарандык согуш учурундагы, өзгөчө анын баштапкы этабындагы окуяларга мүнөздүү көрүнүш. Сүйлөшүүлөр жүрүп, кайра үзгүлтүккө учурап турган. Анткени кайсыл бир үчүнчү күтөр, топтор бир эле учурда эки тарапка тең кол салышкан учурлар болгон. Мындай көрүнүштөр бир нече ирет кайталанган. Алардан кийин сүйлөшүүлөр токтоп, жарандык согуштун жаңы этабы башталган. Бүгүн Хорогдо болгон нерсе ошол кездегилерге окшоп турат. Башкача айтканда кырдаал нормалдашып калгандай болуп көрүнгөн кезде, аны курчутууну көздөгөн күчтөр бар.

 

Имомназар Имомназаровду Хорогдо шаршембиде эле жерге беришти. Айрым кабарларга караганда, хорогдуктар тажик өкмөтүнө ишенбөөчүлүк билдирип, шаардын көчөлөрүнө баррикадаларды кура башташты.