Кайрылман статусун 50 миң этникалык кыргыз алды

Учурда 50 миң этникалык кыргыздар кайрылман статусун алган. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Мамлекеттик миграция кызматынын директорунун орун басары Алмазбек Асанбаев билдирди.

 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 75 миң этникалык кыргыздар Кыргызстанга кайтып келди. Алардын ичинен 25 миңи мамлекеттик миграция кызматына кайрылган жок, бирок азыр алар өлкөдө.

 

“Мурун Тажикстандагы этникалык кыргыздар кайтып келишчү, азыр болсо Өзбекистандан дагы келип жатышат. Үчүнчү орунда – Россия турат. Бул негизинен Россиянын жарандыгын алган жана ар кандай себептерден улам Кыргыз Республикасына кайтып келип жаткан жарандар”, - деп түшүндүрдү ал.