Көпчүлүгү Тажикстан менен Өзбекстандан

Kg grajdanstvoБыйылкы жылдын акыркы 8 айында Кыргызстандын жарандыгын 4 миң 481 адам алышкандыгы тууралуу жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Нурбек Касымбеков маалымдады. Анын айтымында, Кыргызстандын жарандыгын алгандардын саны жыл сайын өсүүдө. «Бул сандан 78,5% - этникалык кыргыздар же сандык көрсөткүч менен алсак 3 миң707 адам болуп саналат. 2012-жылы кыргыз жарандыгын 5 миң330 адам алган, алардын 4 миң 782си – этникалык кыргыздар» дейт жооптуу катчы. Жооптуу катчы 18 жыл ичинде Кыргызстандын жарандыгын 50 миң 378 адам алып, алардын көпчүлүгү Тажикстандан жана Өзбекстандан келгендер экендигин кошумча маалымдады.

 

АЛИБИ САЯСЫЙ-УКУКТУК ГЕЗИТ

1.10.2013 №93 (445)