Өкүл Жумагүл Эгембердиева

Бүгүн, 18-январда өкүл Жумагүл Эгембердиева КРнын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик миграциялык кызматынын төрагасы Бакыт Адыловду кабыл алды деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө негизинен миграциялык саясат, этникалык кыргыздар жана аларга кайрылмандык менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү маселелери туурасында кенен сөз барды.

 

— Жалал-Абад областында 6439 этникалык кыргыздар, же болбосо 2145 сырттан келишкен этникалык кыргыздардын үй-бүлөлөрү жашайт. Мунун өзү Кыргызстанга келген этникалык кыргыздардын республикалык пайызынын 28ин түзөт.

 

Учурда башка өлкөлөрдө 700 миңден ашуун мекендештерибиз сырткы миграцияда иштеп жүрүшөт.

 

Эгерде сырттан келишкен этникалык кыргыздар кайрылмандык алуу арызы менен кайрылышса, биз алардын арыздарын тез арада кароого жана маселени кечеңдетпей оң жагына чечүүгө аракет кылабыз. Бул маселеде бизге областтык жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүнүн ар тараптуу жардамдары зарыл,- деди КРнын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик миграциялык кызматынын төрагасы Бакыт Адылов. Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик миграциялык кызматынын төрагасы Бакыт Адылов Россияда иштеп жатышкан мекендештерибизди «кара тизмеден» чыгаруу боюнча РФнын ФМСнин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгына токтолду.

 

Февраль айынын башында Россия Федерациясынын ФМСнин жетекчилиги менен 40 миңге жакын «кара тизмеге» илинип калышкан мекендештерибизди андан чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр боло тургандыгына токтолду. Азыркы күндө «кара тизмеге» илинген Кыргызстандыктардын саны 118 миңге чукулдап калгандыгы эки тараптуу сүйлөшүүдө маалым болду.

 

Өз кезегинде өкүл Жумагүл Эгембердиева КРнын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик миграциялык кызматы менен тыгыз иш алып барунун зарылдыгына токтолуп, этникалык кыргыздарга кайрылмандык алуу маселесинде ара тараптуу көмөктөр көрсөтүлүп жаткандыгына токтолду. Ошондой эле өкүл Ж. Эгембердиева сырткы миграция саясаты жана башка өлкөлөрдөн келишкен боордош этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн өз убагында чечүү жана аларга ар тараптуу камкордук көрүү жергиликтүү бийликтин башкы милдетине кире тургандыгын баса белгилеп кетти.

 

18.01.2016