Интернационалист жоокер Ата Мекенди сүйүүгө үндөйт

Интернационалист жоокер Ата Мекенди сүйүүгө үндөйт

Ыраң-Көл жамаатынын Чечекти айылындагы Касым Жанкулиев атындагы №13 жалпы билим берүү мекемесинде 22-февраль күнү Тажикстан Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнө, 9-май-Улуу Жеңиш майрамына, түрдүү майрамдага карата ардагерлер менен жолугушуулар өткөрүлүп турат. Ошондой жолугушуулардын бири Ооган согушунун интернационалист жоокери Лашкарбеков Наби менен болуп турат.

 

Мектеп окуучуларынын ардагер менен болгон бул жолугушуусунда Лашкабеков Наби агай 1978-1989-жылдардагы Ооган согушу, андагы согуштун кесепеттери тууралуу окуучуларга кеңири баяндап, айтып берди. Сөзүнүн акырында агай окуучуларды өз Ата Мекенин сүйүүгө, эли-жеринин чыныгы патриоттору болууга чакырды.

 

Интернационалист агай жөнүндө кыскача айта кетсек, Лашкабеков Наби агай 9-декабрь 1953-жылы Мургаб районунда туулган. 1961-1971-жылдары №1 Ленин атындагы мектепти окуп бүтүргөн. 1972-1974-жылы Азербайжанда армияда кызмат кылган. 1975-1979-жылдары Душанбе шаарында физкультура окуу жайын бүтүргөн. Мургаб районунда физкультура мугалими болуп иштеген. 1983-жылы чекара аскер бөлүгүнө чакыртылып иштеген. 1986-жылга чейин Афганистанда интернационалдык кызматын өтөгөн. 2004-жылга чейин 9820 аскер бөлүгүндө кызмат кылган. 2004-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

 

2014-2015-жылы №14-мектепте физкультура мугалими болуп иштеген. 2015-жылдан бери Чечекти айылындагы мектепте мугалим болуп иштейт. 2010-жылдан бери Ин- тернационалисттер Кеңешинин төрагасы болуп иштейт. Көптөгөн орден медалдар менен сыйланган.

 

Жолугушуунун соңунда аскерге чейинки даярдык сабагынан 10-11-класстардын окуучуларынын катышуусунда эки командага бөлүнүп, эң кызыктуу виктортна өткөрүштү. Биринчи “Пограничник” командасы менен экинчи “Миноборона” командасы таймашып, бири-бирине күтүлбөгөн кызыктуу жана түрдүү суроолорду беришип, жоопторду алып жатышты. Ошол эле мезгилде кызыктуу талкуулар жүрүп жатты. Лашкарбеков Наби агайга жана викторинанын катышуучу меймандарына да каалоо-тилектер айтылып, аларды окуучулар даярдаган ыр-күүлөр, бийлер коштоп турду. Жолугушуу эң кызыктуу өттү.

 

Токтогулова Арзыкан, Касым Жанкулиев атындагы
№13 жалпы билим берүү мекемеси

«САРЫКОЛ» пресс.

www.sary-kol.ru