Фракция жыйынында этникалык кыргыздарга визаны жеңилдетүү каралат

Бүгүн, 23-сентябрда «Республика-Ата-Журт» фракциясы этникалык кыргыздарга виза берүүнү жеңилдетүү маселесин карайт. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында жарыяланды.

 

Жакынкы жана алыскы өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарга виза берүү маселеси боюнча мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адылов баяндама жасайт.

 

Этникалык кыргыздар эң көп Кытай, Түркия, Тажикстан, Өзбекстан, Ооганстан мамлекеттеринде жашайт.