Этникалык кыргыздарга «кайрылман» макамын ыйгаруу боюнча иштер аткарылып жатат

Et Kg Kairylm makamКыргызстан эгемендик алгандан бери 50 миңден ашуун этникалык кыргыздар тарыхый мекенине кайтып келишкен. «1995-2013-жылдар аралыгында КР жарандыгын алган этникалык кыргыздардын саны 40 миңге жетти. 2013-жылы 5 миң 113 адам, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 1 миң 322 адам Кыргызстандын жарандыгын алышты», - деп кабарлайт басма сөз кызматы.

 

Министрликтен белгилешкендей буга катар эле этникалык кыргыздарга «кайрылман» макамын ыйгаруу боюнча иштер аткарылып жатат.

 

«2010-2013-жылдар аралыгында аталган макамды 6 миң 820 адам, 2013 — 1 миң 195 адам, 2014-жылдын 10 айында — 1 миң 731 адам алган», - деп билдирет министрлик.

 

17.11.2014.