Этникалык кыргыздарга эшик ачкан жаңы документ кабыл алынды

Этникалык кыргыздарга эшик ачкан жаңы документ кабыл алынды

Айтылган визаны алуу үчүн этникалык кыргыздын өзүнүн, этникалык кыргыз экендигин тастыктаган документи болушу зарыл.

Өкмөт Кыргызстандын сыртында жашап жаткан этникалык кыргыздардын түпкү мекенине кайтуусунун, каттоосунун шарттарын жеңилдеткен жаңы документ бекитти. Анда көп жолку "жеке" визаны бир жылга чейин берүү белгиленген. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

 

12 айдын ичинде этникалык кыргыз Кыргызстандын ичине бир нече жолу тоскоолдуксуз кирип чыга алат же кайрылман статусун алганча үзгүлтүксүз жашап турууга укуктуу.

 

Айтылган визаны алуу үчүн этникалык кыргыз өзүнүн теги, этникалык кыргыз экендигин тастыктаган документ көрсөтүшү зарыл.

 

ТИМден аталган документ 5-апрелден тарта күчүнө кире тургандыгын кошумчалашты.