Этникалык кыргыздардын маселеси талкууланат

Pamir KG 2014Этникалык кыргыздар жана журт которгондордун укуктук абалы, аларды каттоого алуудагы көйгөйлөр 22-декабрда атайын жыйында талкууланат. Аны Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин жогорудагы маселелер менен иштөө башкармалыгынын алдындагы коомдук кеңеш уюштурууда.

 

Кеңештин төрагасы Зайнидин Тагаев “Азаттыкка” билдиргендей, отурумда этникалык топторго кепилдик берүү боюнча мыйзамды азыркы учурга шайкеш кылып кайрадан иштеп чыгуу маселеси коюлмакчы. Андан сырткары, Памирдеги кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүү жолдору боюнча сунуштар угулат.

 

Президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын маалыматына ылайык, 1995-жылдан бери 51 784 чет өлкөлүккө Кыргызстандын атуулдугу берилген. Жарандык алгандардын 40 миңден ашууну коңшу өлкөлөрдөн кайткан этникалык кыргыздар.