Этникалык кыргыздар жөлөк пул, пенсия алууда

Баткен районундагы кайрылман макамын алган этникалык кыргыздар жөлөк пул, пенсия алууда. Баткен районунун аймагындагы кыргыз жарандыгын ала элек этникалык кыргыздардын укугу корголбогон учурлар болот. Мындай маалыматты Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Э.Абылов Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди.

 

Анын айтымында, Самаркендек айыл аймагында этникалык 41 кыргыз үй-бүлө бар болсо, анын ичинен 28и жер тилкесине ээ болгон. Ал эми 13 үй-бүлө жерге ээ боло албай жүрөт.

 

Жер тилкесин ала албай жүргөн этникалык кыргыз Б.Турдалиев 2011-жылы жер алуу үчүн тиешелүү түзүмдөргө арыз менен кайрылып, азыр кезекте турат.

 

«Этникалык кыргыздар паспорт алуу үчүн кайрылман макамын алуу керек. Бүгүнкү күндө райондук социалдык өнүгүү башкармалыгында кайрылман макамын алган 10 жаран каттоодо турат. Алар балдарынын ар бирине ай сайын 755 сом өлчөмүндө жөлөк пул алат. Мындай каттоого алынган үй-бүлөлөрдөн жалпы 18 бала бар. Кайрылман макамын алгандардын ичинен 4 жаран ай сайын 3000 сомдун тегерегинде пенсия алууда», - деди Э.Абылов.