Эл үчүн кылган эмгек унутулбайт

Эл үчүн кылган эмгек унутулбайт

Ушул жылдын сентябрь айында Мургаб районунун жашоочулары электрэнергиясы менен камсыз болуп кубанса, бул жаңылыкка Ыраңкөл жамаатына караштуу Чечекти айылы да ортоктош болду. Бардык үйгө, андан тышкары мектеп интернатына да Күн системасы орнотулду. Атап айтканда, 2 күнчырак күзгүсү, аккумулятор, 2 фонарик, 5 лампочка, муздаткыч, түстүү сыналгы берилди жана адистер келип, өздөрү орнотуп беришти. Учурда Чечекти айылында ар бир үй жарыктык менен камсыз болуп, ал тургай сыналгы аркылуу дүйнөлүк жаңылыктардан кабардар болушууда. Албетте, кичинекей айыл үчүн бул чоң кубаныч. Күнү-түнү жарык жаркырап, кичинекей айыл түнү шаар сымал көрүнүп калды.

 

Бул окуяларга удаа келген 16-ноябрь “Президент күнү” Тажикстандагы эң чоң “Рогун” ГЭСинин биринчи агрегатынын ишке берилиши да өлкө Пре- зиденти, Улут Ажосу, улуу урматтуу Эмомали Рахмондун көрөгөч саясатынын жемиши десек жаңылышпайбыз.

 

Биринчиден элибизге көргөн ушундай кам кордугу үчүн Тынчтыктын жана Улуттук биримдиктин негиздөөчүсү, Улут Ажосу, Өлкө Президенти, улуу урматтуу Эмомали Рахмонго, экинчиден Тажикстан Республикасынын Оли Мажлисинин Улуттар жыйынынын мүчөсү, Мургаб районунун төрагасы Мурзабай Жоошбаевке Чечекти айылынын жалпы жашоочуларынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Бизге жарык берген инсандарга Аллахым өзү узун өмүр берсин, көңүлдөрү ушул жарыктай жаркырап ачык болушун каалайбыз. Эл үчүн кылган кызмат унутулбайт.

 

Токурова Бүбүсайра, №13 К.Жанкулиев атындагы

жалпы орто билим берүү мекемесинин мугалими,

Чечекти айылы