Чоң-Алайлыктар памирлик боордошторунан кабар алат

Чоң-Алайлыктар памирлик боордошторунан кабар алат

Чоң-Алай районунун демилгечи тобу 20-ноябрда Кыргызстанга көчүп келишкен памирлик кыргыздарга барышат.

 

Демилгечи топтун жетекчиси Давут Игамкулов “ZAMAN.KGге” билдиргендей, алар памирлик боордошторубузга куттук айтып, жаңы конуштарын өрлүктөп келишмекчи.

 

“Памирлик бир туугандарыбыздын түпкү теги Чоң-Алай районунан болушат эмеспи. Нарын элине, бийлик башчыларыбызга ыраазычылык айтып, бир туугандык, боордоштук сезим менен этникалык кыргыздар менен саламдашып келебиз”,-деди Давут Игамкулов.

 

Учурда райондун активисттери, тургундары тарабынан акча каражаты топтолууда.

 

“Биринчи кезекте оогандык туугандарыбызга, алар жайгашкан Куланак айылынын аксакалдарына чай берели деп жатабыз. Андан сырткары белек-бечкек берүүнү максат кылуудабыз. Эгерде чогултулган каражат көбүрөөк боло турган болсо, акчалай таратып берсек, балким алардын бир жакшылык ишине жарап калабы деп ойлоп жатабыз”,-деди ал.

 

Белгилей кетсек, өткөн айда Улуу жана Кичи Памирден алты үй-бүлөдөн 33 киши тарыхый мекенине көчүрүлүп келинген. Алар Нарын облусунун Куланак айылына жайгаштырылды. Учурда этникалык кыргыздардын саламаттыгы текшерилип, балдар билим ала баштады.