Чоң-Алай районуна памирлик кыргыздар үчүн 300 гектар жер бөлүп берүү каралууда

Ошто этникалык кыргыздарга билим берүү жана көчүрүп келүү маселеси каралып жатат . Бул туурулуу Ошто этникалык кыргыздарга жардам берүү максатында түзүлгөн борбордун өкүлү Сабыркул Арстанов билдирди.

 

Анын айтымында, азыркы учурда Чоң-Алай районуна памирлик кыргыздарга 300 га жер бөлүп берүү каралууда.

 

«Азыр көп эле чет жакта кыйналып жашаган кыргыздар бар. Аларга жардам берүү ооз эки эле айтылып келет. Аларга жардам берүү быйыл катуу аракеттерди көрөлү деп турабыз.

 

Атайын өкмөт Ош облусунун Чоң-Алай районунан жер берүүнү карап жатат. Эгер жер берилип, үйлөр курулуп калса памирдеги кыргыздардын көчүп келүүгө макул болгон 15 чукул үй-бүлө көчүрүлүп келет.

 

Андан сырткары, аларга медициналык билим берүү жана атайын 1 айлык курстарды окутууну да пландап жатабыз. Бул иштерге коомчулуктан дагы жардам сурайбыз. Элдер колдон келишинче каражат жагынан дагы көмөк көрсөтүп, аларга шарт түзүүгө аракет кылышыбыз керек», - деди С.Арстанов.