Чет жердеги кыргыздарды көчүрүп келүү эмес

Парламент депутаты чет жердеги кыргыздарды көчүрүп келүү эмес, жашаган өлкөсүндө колдого алууну сунуштайт

 

Бул боюнча Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.

 

Айтымында, этникалык кыргыздарга карата саясаттын багытын өзгөртүү зарыл. Депутат өз мыйзам долбоорунда аларды атамекенине көчүрүп келүүнүн ордуна ошол жашаган өлкөсүндө колдоо көрсөтүү боюнча атайын жоболорду сунуштайт.

 

«Мисалы, Казакстан Монголиядан казактарды көчүрүп келип, 10 миң доллар берсе, кайра эле Монголияга көчүп кетишти».

 

Каныбек Иманалиевдин айтымында, Өзбекстан жана Орусия дагы ата-журтуна кайтып келген мекендештерине жеңилдиктерди жана жөлөкпулдарды ыйгарат.

 

«Бирок бул саясатты өзгөртсөк болот. Мисалы, азыр Памирдеги кыргыздарды көчүрүп келүү айтылууда. Негизинен Памирдеги кыргыздарга жайынан деле жардам берсек болот. Аларга эки доктур, күн дүрмөктөрү жана ун гана керек экен. Ал эми Мургабдагы кыргыздар үчүн кыргыз тилинде окуу куралдары керек».

 

Депутаттын пикиринде, мамлекеттин мекендештерине жардам көрсөтүү саясаты – аларга кыргыз тилин, маданиятын унутпоого жана жашоо шартына колдоо көрсөтүүгө багытталышы керек.

 

Мыйзам долбоордо өкмөт тарабынан чет элдик кыргыздарга көрсөтүлүүчү жардамдар, маалыматтык колдоо жана башка милдеттери жазылган.