Былтыр 1483 адамга кайрылман макамы берилди

Бул тууралуу өкмөттүн 2015-жылга карата отчетунда айтылат. Маалыматка ылайык, өлкөдө 2015-жылдын аягына карата тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздардын саны – 37,5 миң адамды түзгөн. Ал эми 2015-жылы 1483 адамга кайрылман күбөлүгү берилди. Алардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн түштүк аймактарында катталган.

 

Кайрылман макамы башка өлкөдөн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга берилет. Бул макам аталган адамдардын жарандык алуу, укуктук жактан коргоо жана мамлекеттик камкордугуна алынышына шарт түзүүгө багытталган.

 

Буга чейин жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө тарыхый мекенине келген этникалык кыргыздардын коомго аралашуусунда жана мамлекеттен укуктук жана социалдык камкордукка алышында бир катар маселелер бар экени айтылып келет.