Быйыл Кыргызстанга памир кыргыздарынын 10 баласын окутуу үчүн алуп келүү пландалууда

Byiyl Kyrg 10bala okuugБыйыл, 2015-жылы Кыргызстанга памир кыргыздарынын 10 баласын окутуу үчүн алуп келүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде эмгек, миграция жана жаштар министри А.Асанбаев менен КРнын Ооганстандагы элчиси И.Абдуразаковдун жолугушуусунда айтылды.

 

Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушуу учурунда эки тарап Кичи жана Чоң Памирде жашаган этникалык кыргыздар маселеси тууралуу сөз кылышты. И.Абдуразаковдун айтымында, бүгүнкү күндө памир кыргыздарынын саны 1380 адамга жетет.

 

 

А.Асанбаев өз кезегинде министрликтин жыл сайын памир кыргыздарынын балдарын Кыргызстанда окутуу үчүн кабыл алууга даяр экендиктерин билдирди. Быйыл 10 баланы алып келүү пландалууда.

 

Мындан тышкары, Кичи жана Чоң Памирдеги этникалык кыргыздарды Ага-Хан уюмунун колдоосунда жиберилүүчү эки дарыгердин жардамы менен медициналык тейлөөнү уюштуруу боюнча иштерди талкуулашты.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында, памир кыргыздарын колдоо жана аларды этап менен Кыргызстандын аймагына көчүрүү боюнча иштерди улантуу чечими кабыл алынды.