Баткендеги этникалык кыргыздар мындан ары кайрылман күбөлүгүн айыл өкмөт аркылуу алышат

Баткендеги этникалык кыргыздар мындан ары кайрылман күбөлүгүн айыл өкмөт аркылуу алышат

Баткен облусунун аймагындагы этникалык кыргыздар мындан кийин кайрылман күбөлүгүн алуу үчүн өздөрү жашаган айыл өкмөттүн кеңсесине керектүү документтерди тапшырышат. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Жыпара Мамбетова билдирди.

 

Анын айтымында, мындан ары этникалык кыргыздар кайрылман күбөлүгүн алуу үчүн борборго барып убара болушпайт.

 

«Кайрылман макамын ала албай жүргөн этникалык кыргыздардын суроо-талаптарынан улам мындан ары айыл аймактар менен иштешели деп келиштик.

Кайрылман макамын алуу үчүн паспорттун көчүрмөсүн, туулгандыгы тууралуу тактаманы, үйлөнгөндөр болсо нике күбөлүгүнүн көчүрмөсүн жана жашаган жеринен тактаманы жашаган аймагындагы айыл өкмөткө тапшырышат.

Биз документтерди айыл өкмөттөр аркылуу почтадан кабыл алып, кайрылман күбөлүгүн 3-6 айда бере алабыз. Бирок, учурда жылдап күткөндөр бар. Бул меселени чечүү оор болуп жатат», - деди Мамбетова.