Баткенде 6 айда 50гө жакын этникалык кыргыз паспорт алууга жардам сурап кайрылды

Баткенде 6 айда 50гө жакын этникалык кыргыз паспорт алууга жардам сурап кайрылды

Акыйкатчынын Баткендеги өкүлүнө 2017-жылдын 6 айында 50гө жакын этникалык кыргыз паспорт алууга жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу облустук коллегияда Акыйкатчы институтунун Баткендеги өкүлү Хаит Айкынов билдирди.

 

Анын айтымында, алардын паспорт алуусунда бир топ көйгөйлөр бар. Паспорту жоктор шайлоолордо добуш берүүгө катыша албай калышат. Бул маселени чечүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жардам бериши керектигин кошумчалады.