Алайда автоунаа Тажикстандын жарандары менен 4-5 жолу оодарылып, 3 адам каза болду (тизме)

Алайда автоунаа Тажикстандын жарандары менен 4-5 жолу оодарылып, 3 адам каза болду (тизме)

Ош—Сары-Таш—Карамык автоунаа жолунун Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүндөгү 208-чакырымында жол кырсык катталып, 3 адам ошол жерде көз жумду. Андан тышкары, 4 адам ооруканага жеткирилген.

 

Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, «Опель Монтеррей» үлгүсүндөгү автоунааны Сары-Могол айылынын 1987-жылы туулган тургуну М.Т. башкарып жүргөн. Ош ОИИБдин Патрулдук милициясынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, кечээ, 29-октябрда саат 10:00 чамасында унаанын арткы дөңгөлөгү жарылып, 4-5 жолу тоголонуп кеткен.

 

alaida-avtounaa-tazhikstandyn-zharandary-menen-4-5-zholu-oodarylyp 1Учурда жабырлануучуларга Алай райондук ооруканасынын дарыгерлери жардам көрсөтүп жатат.

 

Жабырлануучулар:

- 2007-жылы туулган Н.Мухаммедрасул, Сары-Могол айылынын тургуну;
- 1966-жылы туулган Ж.Дилбар, Сары-Могол айылынын тургуну;
- 1984-жылы туулган А.Бүмайрам, Сары-Могол айылынын тургуну;
- 1987-жылы туулган Д.Шабдан, Сары-Могол айылынын тургуну.




Каза болгон жарандар:

- 1954-жылы туулган Д.Тагайбек, Тажикстандын жараны;
- 1966-жылы А.Гүлмира, Сары-Могол айылынын тургуну;
- 1966-жылы туулган О.Гүлай, Тажикстандын жараны.