Ала-Букада этникалык кыргыздардын маселеси талкууланды

Ала-Букада этникалык кыргыздардын маселеси талкууланды

Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү Ала-Бука районундагы этникалык кыргыздардын өкүлдөрү менен жолугушту.

 

Райондун акиминин орун басары Калчабү Үсөнбаеванын билдиришинче, жолугушууда этникалык кыргыздардын жашоосу, алардын жайгашуусу, мамлекеттик жөлөк пул алуу, балдарды окутуу, жеткинчектерин балдар бакчаларга жайгаштыруу жана жарандык алуу маселелери талкууланды.

 

Райондо жашап жаткан этникалык кыргыздардын бардыгына кайрылман күбөлүгү берилген. Кайрылман күбөлүгү аркылуу алар пенсия алуудан башка бардык укуктардан пайдалана алышат.

 

Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району