Акыйкатчы Баткендеги кайрылмандар менен жолукту

Акыйкатчы Баткендеги кайрылмандар менен жолукту

Баткен облусунда Акыйкатчы Кубат Оторбаев иш сапарынын учурунда Өзбекстандан Баткен областындагы Чонгара айылына көчүп келген кайрылмандарга жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдирди.

 

Маалыматка ылайык, кайрылмандардын көчүп келгенине 7 жыл болгон. Келген учурдан баштап, кайрылмандар өкмөттүн Баткен облустук өкүлчүлүгүнө жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө көп жолу кайрылып, Кыргызстандын жарандыгын ала албай жатышат. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин ал маселе чечилген эмес.

 

Akyikatch Batken 2“Эл менен жолугушууда Кызыл Кыя шаарындагы Таджикстандан келген этникалык кыргыздар акыйкатчы Кубат Оторбаевге жамааттык кайрылуу жасашты. Кайрылмандык күбөлүктөрүн убагында ала албай жатышкандыктарын, жер берилбей жаткандыгын, документтери жок болгондугуна байланыштуу дарылануу, билим алуу укуктарынан айрылып калып жаткандыктарын кабарлашты. Баткен алыс аймак болгондугуна байланыштуу үнү бийликке жетпей жаткандыгын айтышты”,-деп айтылат маалыматта.

 

Өз кезегинде, Акыйкатчы Кубат Оторбаев айтылган маалыматтар менен иштөөнүн жеке көзөмөлгө алып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен болгон жолугушуусунда бул маселелерди талкуулоого ниеттенүүдө.

 

28-Апр. 2017