«Ак илбирс» фестивалы (фото)

Бүгүн, 27-октябрда Талас шаарында «Ак илбирс» фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына «Ак илбирс» долбоорунун координатору Г.Акматова билдирди.

Анын айтымында, 3 күнгө созула турган фестивалдын максаты — ак илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн, жергиликтүү жаратылыш ресурстарын сактоо көйгөйлөрүнө көңүл буруу.

 

Фестивалга Талас облусунун жетекчисинин орун басары Азият Жаркыналиева, Тажикстандын Мургаб районундагы кыргыздардын делегациясы жана Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынан, Бишкек шаарынан келген коноктор катышууда.

 

Иш-чаранын алкагында тегерек стол, тажрыйба алмашуулар, сүрөт көргөзмөлөр, балдарга мастер-класстар, оюндар уюштурулат.

 

Ak ilbirs 2 Ak ilbirs 5
Ak ilbirs 1 Ak ilbirs 4