Ак эмгектен алган сыйлык кут болсун !

AttokurТажикстандын Эгемендүүлүгүнүн 22 жылдыгына карата өлкө Президенти Э.Рахмондун Жарлыгы менен республиканын бир катар алдыңкы адамдары мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болушту.

 

Алардын арсында Мургаб райондук финансы башкармасынын начальниги Аттокур Амиракановко “Тажикстан Республикасынын эмгек сиңирген ишмери” ардактуу наамы ыйгарылды. Ал бул мамлекеттик сыйлыкка республиканын каржы тармагындагы көп жылдык ак эмгеги, райондун экономикалык өнүгүүсүнө кошкон чоң салымдары үчүн татыктуу болду.

 

Бул жогорку ардактуу наамды жакында ага өлкө Президенти Эмомали Рахмон өз колу менен тапшырып анын көкүрөгүнө ардактуу наамдын төш белгисин такты. Аттокур Алиевич, ак эмгектен алган жогорку сыйлыгыңыз куттуу болсун, дайыма ден соолукта болуп элиңиз, жериңиз үчүн дагы да талыкпай эмгектене бериңиз демекчибиз.

 

Cүрөттө: Тажикстан Республикасынын Президенти Э.Рахмон А.Амиракановго мамлекеттик сыйлыкты тапшырып жаткан учуру.

 

"САРЫКОЛ" гезити октябрь 2013