Афганистандагы элчи Улуу Памирдеги этникалык кыргыздардан кабар алды

Делегация өкүлдөрү буга чейин бир катар жардамдарды көрсөткөн Түркиянын элчиси менен да жолугушту.

 

Кыргызстандын Афганистандагы элчиси Абазбек Абдуразаков Памир кыргыздары менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

 

Жолугушуу учурунда этникалык кыргыздар үч жыл ичинде элчилик тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардамга жана кыргыз өкмөтүнүн камкордугу менен гуманитардык көмөгүнө ыраазычылык билдиришкен.

 

"Элчилик делегация өкүлдөрүн Түркиянын Афганистандагы элчиси Али Саит Акин менен да жолугушуусун уюштуруп берген. Кыргыздар Түркия тарабынан көрсөтүлгөн жардамга жана Улуу Памирде жашаган этникалык үч кыргыздын Түркиянын медициналык мекемелеринен дарылануусуна жардам берген элчиге ыраазычылык билдиришти", — деп айтылат билдирүүдө.

 

Өз кезегинде Абдуразаков Улуу Памирди байырлаган этникалык кыргыздарга ар тараптуу жардам көрсөтүү мындан ары да уланарын белгиледи. Ал эми Али Саит Акин Памирде Түркиянын гуманитардык-кайрымдуулук уюмунун өкүлчүлүгүн ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады.

 

БИШКЕК, 2-июнь.