Афганистанда жашаган этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү боюнча кеңешме өткөрүлдү

Афганистанда жашаган этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү боюнча кеңешме өткөрүлдү

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова кечээ, 16-декабрда Чоң жана Кичи Памирде (Афганистан) жашаган этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйында Памирдеги этникалык кыргыздарга көмөк көрсөтүү боюнча 2017-жылга карата иш-чаралардын планы талкууланды, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

 

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев маалымдагандай, Кичи Памирде 208 үй-бүлө, ал эми Чоң Памирде болжол менен 273 үй-бүлө жашайт. Учурда этникалык кыргыздардын жалпы саны 2 миңге жакын адамды түзөт. Этникалык кыргыздар менен болгон жолугушууларда алардын социалдык-экономикалык абалына, билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселелерине тийиштүү көйгөйлөр козголгон.

 

Ч.Султанбекова өкмөт тарабынан этникалык кыргыздардын кайрылуусу каралып, аларга тиешелүү жардам берүү үчүн керектүү чечимдер кабыл алына турганын белгиледи. Бул максатка өлкөнүн бюджетинен атайын керектүү каражат каралган.

 

Ошондой эле, вице-премьер-министрге ушул жылдын октябрь айында Кичи жана Улуу Памирге гуманитардык жардамды жеткирген экспедициялык топтун иш сапары тууралуу маалымат берилди.

 

Быйыл премьер-министрдин буйругу менен Улуу жана Кичи Памирге гуманитардык жардам жеткирилген. Гуманитардык жардамды жеткирүү боюнча уюштуруу иштерине Кыргыз өкмөтү тарабынан 10 млн сом каражат бөлүнгөн.