Жазга көз ирмем

Жазга көз ирмем

Жаз келгенде жакшына,

Жашыл болот айлана.

Кызыл,сары, ак гүл,

Өсүп чыгат чачыла.

 

Быйыл жазда жайлоодо,

Койду жайдым тоолорго.

Кайтарып келдим короого,

Түшкү эс алуу болгондо.

 

Керемет болот жайлоодо,

Тунук суу агып Сары Колдо.

Айран,сүт ичип,каймак жеп,

Эс алган абдан сонунго.

                           1996-жыл

 

Сопуев Төлөнбай

Баш-Гүмбөз айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.