Жаз майрамы

Жаз майрамы

Кар ээрип көлчөк көлчөк айыл чети,

Жаз келди, гүлгө оролуп жердин бети.

Айланада тынчтык гана өкүм сүрүп,

Керемет айлуу түндүү айыл кечи.

 

Жаз келип кубулжуган куштар сайрап,

Табигат көрккө чыгып гүлдөр жайнап.

Жашообуз жаңы жазды тосуп алды,

Суу кечип өспүрүмдөр жылаң айлак.

 

Мынаке бүгүн жаздын атты таңы,

Чеги жок шүгүр кылам дагы дагы.

Ааламдын падышасы мээрим төгүп,

Кайрадан бизге жазды тартуулады.

 

zhaz-mairamy 2

 

Энелерге гүл ордуна ыр сунам

 

Мен бир байкуш акын сымал ыр жазган,

Менин оюм арзуу сүйүү ыр дастан.

Бардык ырым калбасада тарыхта,

Апакеме өчпөс кылып ыр жазсам.

 

Тогуз ай жашап келип курсагыңда,

Төрөлдүм өмүр сүрдүм кучагыңда.

Түбөлүк өчпөс болуп кала бердим,

Апаке жүрөгүңдүн түп жагында.

 

 

Энелер үйдүн куту жарык шамы,

Апакем ар бир күндүн аткан таңы.

Мөмөсүн жерге чачкан түйшүк менен,

Ааламдын асыл дарак акыл багы.

 

Эгер тоодо өмүр гүлү өскөндө,

Мен күн сайын Апакеме термекмин.

Өмүрүмдү берүү мүмкүн болгондо,

Бүт өмүрүм энекеме бермекмин.

 

Апакелер бийиктеги асманым,

Апакем бар мен бир соонун башкамын.

Бүткүл дүйнө энесине ыр белек,

"АПА''-аттуу бул чыгармам дастаным!

 

Камаров Токтобек Токурович

Токтомуш айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.