Жайлоодо

Жайлоодо

Чөптөрдүн жыты аңкып.
Шарылдап суулар агат.
Заңкайган тоо бетине.
Жайылып койлор барат.

 

Топоздор телмирбестен.
Жылганы көздөй жөнөйт.
Күн дагы менсинбестен.
Мээримге баарын бөлөйт.

 

Аскада улар сайрайт.
Зоолордо аркар жайнайт.
Жүрөктө сүттөй таза.
Сезимдер гана кайнайт.

 

Вулкандан ашып түшүп.
Атылат болгон дүйнөм.
Аң улоо үчүн качып.
Жөнөймүн кыргыз үйдөн.

 

Шилтенип улам кадам.
Тоолорго басып барам.
Тоолордон чарчоо эмес.
Тоолордон бакыт табам.

 

Жер менен кошо жылып.
Аттканмын нечен аркар.
Аманың саламымды...
Мен чыкпас зоого алып бар.

 

Жайлоодо бийик болуп.
Жайлоодо кийик тооруп.
Жайлоодо тоолор менен.
Көп жолу биз ойнодук.

 

Жайлоодо зоолор менен.
Тең болуп биз ойнодук.

 

Мераж Теитбаев
Мургаб-Ош

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.