Жаанбай Олжочиев: «Бар заман арты зар заман»

Жаанбай Олжочиев:  «Бар заман арты зар заман»

Олжочиев Жаанбай Эшназарович 1960-жылы 25-майда Мургаб районуна караштуу Көөнө-Коргон кыштак Советиндеги Мадиян кыштоосунда туулган. Энесинен эрте жетим калып, тай атасы менен тай энесинин колунда тарбияланат. Көөнө-Коргондогу № 5 орто мектепте окуп 1977-жылы бутөт.


Мектепте окуп жүргөндө эле ыр жазып жүрчү. Аш-тойлордо күйөө жолдош болуп,. элдик ырларды жамакташтырып ырдаганга ынтызар. Ж.Олжочиев эки уул, эки кыздуу.

 

                 I

Кече болчу бар заман,

Бүгүн келди зар заман

Оомал төкмө дүнүйө

Кимдер өтүп ким калган

Зар заман деп ат коюп

Чоң санатган баштасам

Акылман улуу бабалар

Ар кандай нуска кеп айткан

Көк чөптү эгер кордосоң

Көзүңө түшөт деп айткан

Кеңири заман тушунда

Көпкөлөң. жашап келгенбиз

Ысырап кылып ак нанды

Ит менен малга бергенбиз

Ал кезде жашап жыргадык

Тойгонго тооба кылбадык

Бекерден дүйнө тапкандай

«Ак, кара нан»-деп ылгадык

Кудайды ойго албастан

Шарыятка моюн сунбадык

Ал кезде жашоо башка эле

Норма кез келбей эстерге

Каалаган нерсе дүкөндө

Жыйылып жайнап жатчы эле

Чучуктуу конфет алынбай

Пор конфет жатчу кабындай

Шоколад кандай зат эле

Кеңири ошол заманда

Унуттукпу бат эле.

Эмгек кылып иштесең

Акча жанды тапчы элең

Ар ай сайын зарыкпай

Нак чөнтөккө салчы элең

Аста басып дүкөнгө

Адатынча барчы элең

Каалаганын ойлонбой

Каалашыңча алчы элең

Сар саанаң жок оюңда

Шаттуу үйдө жатчу элең

Сонун түштү көргөндөй

Болуп кеттиң бир замат

Он бештеги айга окшоп

Толуп кеттиң бир заман

Түштүң беле эгизден

Телегейи тегиз сен

Эми сени таппайбыз

Дүйнө кезип издесең

Бар заманда миң сомуң

Далай пул болчу билгенге

Жети миң тапсаң бай болуп

Машина алчу мингенге

Азыркы жети миңибиз

«Самапал» арак ичкенге

Зар замандын тушунда

Эми ырым ушунда

Союз тозуп жок болду

Горбачевдун тушунда

Мургабда азыр ачылып

Каалаган нерсе сатылып

Айлык тийбей нак колго

Жүрөбүз башты кашынып

Бензин келбей жергеме

Жөө калдык баарыбыз

Дүкөндөр кургап бош калып

Кыйын болду алыбыз

Кудайдын көөнү кең болуп

Бөскөрбөсүн наныбыз

Киймелик менен ичмелик

Арзанына табылбайт

Айдан келген ак малын

Базарда арзан бааланат

Күндөн күнгө заманам

Кыйын болуп баратат

Сары-Колчумдун төрт малы

Тыйын болуп баратат

Жашоонун башы акчабы

«Акча» деп элим какшады

Тыйынга азыр татыбайт

Жүз миңдеп акча тапканы

«Кара - дары акча» деп

Калк ичинде сөз болот

Кокустан колго түшкөндөр

Шаарда иши козголот

Камалып кетсең насип деп

Үй-бүлөөң анда не болот

Алтындай болгон кыргызым

Кереги жокко аны ойлоп.

Мургабда базар ачты -деп

Камерсант болсок жакшы деп

Соодагер болду көп адам

Ашыкча сатып акы жеп

Арзан алып кымбатка

Сатуунун жолун көп ойлоп

Акыры түшүп тузакка

Андайлар болду банкрот

Соода сатыи тургандар

Азга канаат кылгандар

Ишиң жылат алдыга

Ыраазы болсо алгандар

Элде байы, жарды бар

Жашы да бар кары бар

Нысап менен сатсаңар

Ракмат элде айтылар

Рабаж тапса ишиңер

Соодагер болуп бай чыгар

Кем кетигин эл журттун

Таап алып келе бер

Тез зле байып кетесиң

Раазы болсо элиңер

                  II

Атыр самын кир самын

Таба албайсың ай сайын

Дүкөндөрдө жок болду

Ак кепин мойну көк болду

Ойго түшүп ар кандай

Мачинин уулу жазгандай

Базардан издеп таппайсың

Баасы анын от болду

Күндөлүк керектөөлүүчү

Буюмду издеп таба албай

Мешке май жок, ак май жок

Кара чай жок, ак чай жок

Мындай болсо зар заман

Аягы барып не болот.

Кымбат болгон кийимдин

Баасы анын айтбайын

Байбак алсаң төрт миңге

Кийип алып басбайсың

Киймелик менен ичмелик

Базардан издеп таппайсың

Эгерде отун түгөнсө

Күл дөбөгө чыгабыз

Көл дөбө казып элгешип,

Шилак болду тапканың

Бир челек мазут алам деп

Таң атканча жатпадың

Алыс ыраак адырдан

Терскен издеп таппадым

Бир аз чекең жылыса

Тонуп турат ар жагың

«Жокчулук болду заман-деп

«Көчпөсөк мындан жаман» деп

Пас жакка көчтү далай эл

Кеңири жашоо табам деп

«Сары-Колдон көчүп кыргызым

Сандалып бизге келди деп

Бөлөк эл бөтөн жеринде

Барганын айтат качкын деп

Ал жакта жашоо кандайын

Кеткендер айтат жакшы деп

Ал жактам жашоо жакшы деп

Келгендер айтып кубантып

Түшүнсө болот ушундан

Кетерде жардам сурашып

Сары-Колум тоонун арасы

Олуясы жоомарт карачы

Кудаага шүгүр миллион

Бөксөрө элек ак наның

А бирок кээ бир адамдар

Пас жакка ыктап карагын

Терскенге алымсынбастан

Болсун деп көмүр жакканым

Өз злим менен өз жерим

Билгенге өлөң-төшөгүң

Аларды таштап алыска

Эл журтум эмне көчөсүң

Заманга жоктур арга деп

Жараткан жалгыз Алла - деп

Гум помощь берген ундарын

Жаталы элим алып жеп

Агахан берген ак нанын

Аз гана кошуп айтамын

«Жоомарт-деп элим ушуну айт

Бадахшан элин бакканын

Акчага малды сатпадың

Акчадан көптү сактадың

Түшүнсөң терең ойлонуп

Кудайдын буйруп айтканы

Агагы кетип ар кайда

Кургак сүт берип шир чайга

Бочкалап келген сары май

Турабыз кантип ойго албай

Бадахшанды тойгозгон

Айткыла элим кандай бай

Эч качан үзбөй үмүтүн

Кап-каптан үзбөй күрүчүн

Канзаада Карим сени айтсам

Түгөнбөс ырым сен үчүн

Тополуу жерде жүгүрсоң

Чаң созулат тамандан

Башына мүшкүл иш түшсө

Жакшылык келбейт жамандан

Түшүнбөй калдык эли- журт

Эмне эле болду заманам

Колго келген дөөлөттү

Кармай албай качырдык

Жокчулук болду «заман» деп

Маң болуп башты катырдык

Алтындай болгон эли журт

Айтканым кетпес талаага

Акыры заман болгондо

Сары-Колчум батат санаага

Айтылып калган кептерим

Жазылып калган санаага

Санааны тартпа олтуруп

«Болду деп заман жокчулук

Гүл жайнап кайра жаз келер

Түздөгүн пейлиң ток тутуп

«Нээтин» шерик болсун деп

Даанышман айткан накыл кеп

Нээтин эл журт түз болсо

Заманам бир күн жакшырат

Жашоонун жолун биле албай

Заманды жаман дебейлик

Заманда жашай албаган

Өзүңдөн айып издейлик

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.