Тууган жер

Тууган жер

Аркайган аска тоолор ар тарабың,
Тууган жер ысык мага топурагың.
Топоз, кой, аркар, кулжа мекендеген,
Көз салып тууган жерде отурамын.

 

Бахбур-Ата, Чеш-Төбө, Мадиянды,
Табийгат ден-соолукка тартуулаган.
Шамалы мээ сергиткен тоолуктарды,
Жел жүрөт ар дайым аркыраган.

 

Кылымга аты чыккан бийик жерим,
Кең Памир жүрөгүмө асыл демсиң.
Кыялым али деле бала кездей,
Койнуңда кулуң болуп ойноп келдим.

 

Ардактап тоо элинин асыл кебин,
Кыр ашып эл-жеримди ойлоп келем.
Атагың алыс кеткен Чыгыш Памир,
Ак калпак кыргыз элим чарба менен.

 

Аркайган аска тоолор ар тарабың,
Тууган жер мага ысык топурагьң.
Топоз, кой, аркар, кулжа мекендеген,
Көз салып тууган жерде отурамын.

 

Халил Мурзахматов

Сары-Кол, 1977-жыл.

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.