Таалайбек Сайназаров: “Келин” (ыр саптар)

Келин

 

Башына ак жоолук салынып

Кыз түштү туруктуу үйүнө

Кайнене каластайт жалынып

Карт жүрөк эзилет сүйүнө

 

Кыпкызыл көшөгө желбиреп

Келинди көргөнү эл кирет

Жүз ирет бүгүлөт жүгүнүп

Тал чыбык мүчөсү ийилет

 

Укмуштай сезимдер уялап

Келгендин баарынан уялат

Өмүрдө бактылуу бул күн деп

Алдыртан билдирбей кубанат

 

Бак тилеп батаасын айтышат

Келген эл той жешип кайтышат

Асманда жылдыздар жымындап

Аралаш аларга ай сызат

 

Жеңелер шартылдай киришип

Жай салат шанкылдай күлүшүп

Бактылуу болгула эми деп

Уялтат келинди тийишип

 

Кучактайт кучтүү кол эңилип

Колуктуу ал күчкө жеңилип

Коюлат каректер от болуп

Кош өрүм жастыка төгүлүп

 

Кучактап шыбырайт бериле

Куйкалап жаш кызды демине

Чыгыштан агарып келаткан

Аппак таң атпаса эмине

 

Ошентип кечээги секелек

Келини бактылуу үй-бүлөөнүн

Каякта ал качан келет деп

Көз тутуп ал күтөт түгөйун

 

Жаркылдап аткарып кызматын

Жүзүндө сезилбейт капасы

Ал үчүн эч качан түгөнбөйт

Кайната кайнене батасы

 

Жер бети жамгырдан көгөрсө

Жаш келин батаадан көгөрөт

Бакыт таап түбөлүк бул үйдөн

Бешикке наристе бөлөнөт

Апама

 

Апаке уул-кызыңды төрөгөнсүң

Алдейлеп ак бешикке бөлөгөнсүң

Ымыркай кезибизден адам кылып

Алпештеп баарыбызды сен өстүрдүң

 

Калкалап канаттууга кактырбадың

Бапестеп жаман жолду бастырбадың

Ыйласа балаң менен кошо ыйлап

Күлгөндө кошо күлүп жаркылдадың

 

Жумуштап кетсем эгер мен алыска

Ойлонуп балаң үчүн тарттың санаа

Кыйналып жүрөбү деп эстегенде

Бир тиштем нан түйүлүп тамагыңа

 

Кечиксем үйгө келбей убагында

Кайда деп түшчү элең убайымга

Кырсыгыңдан сактай көр деп

Жалбарып турчу элең кудайыма

 

Балдардын баарын тегиз караар элең

Бала үчүн баардыгына даяр элен

Эшиктен ойноп журуп келсе дагы

Сагынып кучагынды жаяр элен

 

Уул үйлөп кыз чыгардың алтын апа

Ар дайым аман болгун бактыбызга

Жетелеп небереңди эркелетип

Жүрө бер мейман болуп уул-кызыңа

 

Апаке мен өзүңдөн ыразымын

Көр эми балдарыңдын урмат-сыйын

Бала деп баласы үчүн жашап келген

Арналат апам үчүн ушул ырым

 

Мургаб району

Кара-Көл айылы

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.