Таалай Сайназаров: "Сарыкол кайрыктары"

САРЫКОЛУМ

 

Шанкайган мөнгүң чагылып

Ширелип айдын нуруна

Көз жоосун алат табийгат

Ажарлуу түскө кубула

Айланып барсам дем берет

Ата-журт алтын туурума

Сагынсам ырлар жаралат

Санаркап жүрөк буулуга

Кутманым Сарыкол тирексиң

Алыста жүргөн уулуңа

 

Тоолорду көрсөм толкундап

Көңүлүм кетет ачылып

Туулган жер сага жетүүгө

Жан үрөйм дайым шашылып

Өзүнө таазим кыламын

Тизе ийип сага баш уруп

Мекенин эстеп сагынбас

Болбойт го эч бир инсан

 

Сен үчүн ырдан белегим

Сен туум, байрак, желегим

Алыста жашап жүрсөм да

Кадырын билем, сеземин

Өзүңдү мактап ар дайым

Өлгөнчө ырдай беремин

САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ

 

Сан жеткис Сарыколум байлыктары

Изин бар өлбөс-өчбөс тарыхтагы

Мемиреп дүйнө жүзү кулак төшөйт

Жаңырса Сарыколум кайрыктары

 

Өзүңдө нечендеген акын өткөн

Эл камын ойлоп канча асыл өткөн

Таланты ташкындаган канча адамдар

Өнөрдүн даңгыр жолун басып өткөн

 

Канчасы Сарыколума ыр арнады

Баардыгы бийик тоонун кыраандары

Азыркыдай техника заманы жок

Таланттар тоо койнунан чыгалбады

 

Ырлар жаз, тартынбагын, айбыкбагын

Ача бер ыр-күүңдүн сандыктарын

Ишенем бүт ааламга таанытасың

Аздектеп Сарыколдун кайрыктарын

 

Мургаб району

Кара-Көл айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.