Сарыколдун чыгаан кулуну

Сарыколдун чыгаан кулуну

Гожо Бердибаевдин атын Көнө-Коргон жамаатында койгондогу маарекесинде ырдалган ыр.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

-//-

1

Маарек болсун маареке,
Гожо акенин жамааты.
Эскерип ырдап өтөлү,
Мурдагы өткөн санатты.
Сарыколдун чыгаан кулуну,
Ак-сакалдын чоң уулу.
Көп жердин эли тааныган,
Өткүр эде баарыдан.
Өкүмат. Союз дүркүрөп.
Турган кезде гүркүрөп
Партшколду бүтүрүп.
Кош тизгинди колго алып.
Райком болду дүркүрөп.
Кызматы сиңип элиге,
Атагы кетти көп жерге.
Кудаага ыгы жеткенде,
Волганы алды бекерге,
Областка чоңоюп,
Профсоюзду башкарды.
Үлгү болуп көп элге,
Тарбиялады жаштарды.
Сөзгө чечен акылман.
Көпкө берген насаат.
Жакшылык ишке жардамдаш,
Алдыдагы койгон максаты.
Жакшы адамдын артында,
Даңкы калат турбайбы.
Айта жүрүш парз экен,
Ырга кошуп мындайды.
Эске тутуш карз экен,
Санатка кошуу шундайды.
Атактуу адам өтсө да,
Намыстуу экен баласы.

2

Жамаатка атын койдуруп,
Мына бүгүн маараке берип турбайбы.
Атанын даңкын көтөргөн,

Намыстуу экен Ташкенбай.
Элге жагар иш кылды,
Жаштыгына карабай.
Шуттуу чыгып Ташкенбай,
Шундай жакшы иш кылды.
Атанын атын өчүрбөй,
Түбөлүк калар иш кылды.
Жан күйөрү Чөжө ака,
Мааракеге баш болуп.
Тыным албай күнү түн,
Сарамжал саатка каш болуп.
Гожо ака өэү чоңойгон,
Көөнө-Коргон кыштакта.
Кылымдар бою сакталат,
Коюлган аты жамаатта.
Беш кыэынын бардыгы,
Жакшы жердин бүлөөсү.
Жакшы атанын балдары.
Бардыгынын күйөөсү.
Күйөө балдар бардыгы,
Илберинки жаштардан.
Эл аралап жүргөндө,
Айырма 6epeт башкадан.
Чогулган жамаат баарибиэ.
Ак батааны берели.
Тууган урук балдары.
Эсен аман жүрсүн деп,
Чын кудайдан тилейли
Жан эгемдин баариси,
Баарибиз тегиз билели.

 

Жаркынбай Самастанов

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.