САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Мислибүбү Турдубаева

sarykol-kairyktary-mislib-b-turdubaeva 1 sarykol-kairyktary-mislib-b-turdubaeva 2

 

                            I

Салам, салам, салам айтам жалпыңызга !

Саламдашуу салт эмеспи кыргыздарда.

Тааныштырып кетейин калысгарга.

Апрель айынын он зкисинде

Көк шибер, жаздын жели аймагында

Жазгы эмгек кайнаганда

Келгин куштap сайраганда

Жадыраган жаз айында

Мугалимдин үй-бүлөсүндө

Кара-Көл деген айылда

1971-жылы жарык дүйнөгө келгенмин.

Жашым туура жети жашка толгондо

Окуу жылдын сентябры болгондо

Кучак жайып тосуп алды мектебим

Дайым жандан эжейлерим кетпедиң

Үлгүлүү болуп жалаң 6ешке окудум

Эмгектерин эже агайды актадым

Бактылуу окуучулук күндөр менен

1988-жылы мекгебим менен коштоштум

Эмгек жолумду алгач мен өзүмдүн

Мектебимден улуу вожатыйдан баштадым

Мезгил жетти билим алуу кезеги

Университет - илимдердин мекени

Көп илимден кыpгыз тилин тандадым

Көңүл тартып жүрөгүмдү терметти

Күндөр сызып айлар өтүп баратгы

Күндө жаңы күндө жарык таң атып

Окуп, окуп көптү билип зл менен

Өтүп жатты студенттик жылдарым

                               II

Тур муш коштоп жүрөгүмдүн таалайын

Таттуу өмүр агымында гул сунуп

Ат Башылык жигит мага кол сунуп

Башыма ак жоолугум салынып

Ат Башынын келинимин

№3 Лебединовка атындагы

Орто мектептин мугалимимин

Алты баланын эгиз кыздардын энесимин

Балдарыма айтып келем дайыма

Ыймандуулук ата-салтын башынан

Ыймандуу бол кичинекей жашыңдан

Улууларды урматтай бил, сыйлай бил

Бул зор дөөлөт сан байлыкка татыган

Үй-бүлөөдө ынтьмак бар дайыма

Мен ыраазы жолдошума дайыма

Мугалимдик кесибимди түшүнүп

Түзүп берген иштөө үчүм шарты да

Калыстар дагыбир аз көңүл бура тургула

30 жыл эмгектендим мектептерде

Таң заарда коштоп келдим окуучумду

Мектепке шыңгыр үндүү коңгуроого

Талыкпай сабактарды өтүп келем

Ар дайым чалыкпастап чарчабастан

Эмгегимди арнап келдим жан дил менен

Балдарга билим берип чектелбестен

Тарбиялап акыл айтып таалим берем

Билимдин уясынан алыс учкан

Илимпоз жетекчилер баба-дыйкан

Чыксын деймин дал ушул мен окуткан окуучулардан.

 

sarykol-kairyktary-mislib-b-turdubaeva 3

 

                   Кара-Көлүм

 

                          I

Кара-Көлүм, Ысык-Көлдөй толкуйсуң,

Көргөн элдин көз жоосун аласың.

Кереметтүү толкундарың шарпылдап,

Көл толкунда көп бир сырлар камтылган.

 

Көл жээгинде көп кыз-жигит сырдашкан,

Көп сырлары толкундарга айтылган.

Ошол толкун айылымдын ажары,

Ар бир жаштын эс алуучу жайлары.

 

 

                          II

Кара-Көлүм не бир сага сөз жеткис,

Кандай кооз жерлериң бар түгөнгүс.

Жайлоолоруң, кыяларың сууларың,

Көп адамды суктандырган жайларың.

 

Бар бол Көлүм эчен кылым жашаган,

Өнүп, өсүп өркүндөй бер ар дайым.

Ар өткөргөн жакшы күндөр жүрөктө,

Балалыгым өттү сонун күндөрүм.

 

sarykol-kairyktary-mislib-b-turdubaeva 4

 

                       Мектебиме

 

                           I

Куттуу болсун 70 жылдык мааракең,

Көз ачып, жумганча 70 жылга сен толдуң.

Канчалаган окуучуну өз уяңдан учуруп,

Билимдерге сугарып, илимпоздор, жумушчулар
чыгардың.

Бүгүн мына канчалаган эл келди,

Куттукташып жакшы тилек ой менен.

Учкучубуз Чкаловдун атын алып,

Далай жылдар аты чыгып даңталып.

 

 

                            II

Эми мына Мамираимов аталып,

Эмгектенип мугалимдер даңталып,

Мектебимде бүгүн шаттык күн болду.

Окуучулар ырдап, бийлеп шаңга толду,

Куттукташып 70 жылдык мааракеңде.

Жакшы тилек каалоолору айтылды,

Өсө берсин жаңы сайган дарактай.

 

(Мургаб району. Кара-Көл айылы. Мектептин 70 жыл мааракесине)

 

 

Мислибүбү Турдубаева

Кыргызстан. Аламүдүн району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.