САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Кеңешбек Беркмаматов

САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Кеңешбек Беркмаматов

Беркмаматов Кеңешбек Жайчибекович. 1987 жылы 26- март Сары-Кол өрөөнүнүн Аличор айылында туулган.

 

2010 жылы Хорог шаарындагы Мамлекттик Университетин аяктап эмгек жолун Мургаб районунун Аличор айылынан баштаган.

 

Учурда Мургаб райондук билим берүү бөлүмүнун ЗБӨ Борборунун башкы адиси. Үйбүлөлүү.

 

 

 

Күтүп жүрөм

 

Күндө күтөм жолуң карап жүдөдүм,

Жолукканда чындап сени сүйбөпмүн.

Мына эми күндөр өтүп акырын,

Сүйөрүмдү сезип күтүп жүрөмүн.

★★★

Жүрөгүмө атың жазып алыс кеттиң,

Жактырганым билбедиңда сезбедиң.

Күдөр үзбөй дале күтүп жүрсөм,

Эмнеге сен кайрылып бир келбедиң.

★★★

Күндөр өтөт зымырап билинбестен,

Кусалык кары кетпейт сезимимден.

Күтө берип күнүм айга айланды,

Келчи сулуу бир көрүнчү тезинен.

★★★

Элесиңди унуткансып баратамын,

Сени эстетер кош жылдызга караймын.

Баш ийип аргасыздан бул күтүүгө,

Кусалыктын торуна илинип баратамын.

                                                2012 ж

Акыркы сөзүм

 

Кечир мени ардактап сүйалбадым,

Ак сүйүүңдүн баркына жеталбадым.

Анткени тагдыр деген татаал экен,

Байкабай жакшы күнүм кырчып алдым.

★★

Билемин мен сенчелик сүйалбадым,

Берген сөзгө чынында туралбадым.

Анткени жарыктыкта жаңылышуу көп экен,

Айла канча мен өзүңдөн алыстадым.

★★

Капа болбо эми менден каралдым,

Кайрылып жолугууга баралбаймын.

Анткени көргүм жок кайра баштан,

Махабаттын мага берген азабын.

★★

Акыркы сөзүм,бир өтүнүч суранамын,

Болду эми эмнеге деп сурабагын.

Анткени себеби көп кеткенимдин,

Бирок айтпайм касташууну каалабаймын.

                                                    2013 ж

 

Энеке

                            I

Оо энеке ак сүтүңүз менен бактыңыз,

Түн уйкуңуз төрткө бөлүп карадыңыз.

Чатак салып,чыр чыгарсам,

Ошондода мага катуу айтпадыңыз.

 

Оо энеке алпештеп мени бактыңыз,

Мээрим төгүп саамайымдан сыладыңыз.

Эгер менин күчөп калса жөтөлүм,

Айыгуумду бир кудайдан сурадыңыз.



                          II

Оо энеке баарын мага арнадыңыз,

Жетелеп мени жакшы жолго салдыңыз.

Мен окууга кетерде аман бол деп,

Бердиңиз алакан жая ак батаңыз.

 

Оо энеке акыңыз көп менде сансыз,

Ак сүтүңүз актайм мен калдыксыз.

Жараткандан жалдырап күндө дайым,

Өмүр тилеп жүрөт сизге өз балаңыз.

                                             2008 ж

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.