САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Атабай Турсунов (1944 - 1983)

САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ:  Атабай Турсунов (1944 - 1983)

Айжаркын

Айт айт десең айтайын

Ашыгылыктан баштайын

Ашыгылыкта адеп бар

Мойнуңда маржан седеп бар

Мойнуңдагы тагылган

Седебиңден ашыгылык

Мектепке берген баладай

Адабиңден ашыгылык

Ашыгылыгы курусун

Арсар кылат кишини

Бул ашыгылык дардидан

Ар жерге бардым батпадым

Акырында Айжаркьн

Бир сени деп какшадым

Айжаркын деп ат койуп

Көкүрөккө сактадым

Кызыл жибек чапаның

Кымча бел жаркын баласың

Кызылын чиркин жүрөктүн

Күйгүзүп өрттөп барасың

Жайдары жаркын баласың

Жат баладай эркелеп

Жүрөккө чокту саласың

Адамдар ашык болбойбу

Айжаркын деген атыңдан

Топ келин кыз ичинде

Туулупсуң акылман

Уругуң тейит кызысың

Ургачынын узусуң

Мен деле тейит баласы

Айжаркын сага жетпесе

Мага окшогон бозойдун

Басылабы санаасы

Ак аркар болуп ыргыштап

Алайдан Ак-Суу келген сен

Агуруп сенин дардиңдан

Адыр тоону бүт гезеп

Аталбай жүргөн мерген мен

Сен атырсың аңкыган.

Meн тоодо улар таңшыган

Айжаркын деп какшаймын

Ашыгылыктын дартидан

Айжаркын алма бактагы

Айжаркын жүзүм шактагы

Ак бетиңден өптүрчү

Адамзаттын аппагы

Күлүшүп ойноп жүрөлү

Кудайым өзү кечирет

Күнөөнү жаштык чактагы

Айжаркын айдын жарыгы.

Айжаркын суунун балыгы

Ашыгылыктан ыр коштум

Айтар сөздүн аныгы

Кавхардай болуп жайнаган

Көзүңдү айтсам жарашат

Көңүлүмдү сергиткен

Сөзүңдү айтсам жарашат

Өзүңө ашык мен болуп

Өрттөнүп жүрөк баратат

Ичсем көңүл ачылат

Ашың татты Айжаркын

Ашык болуп өзүңө

Айталбайм ачык сырымды

Башым катты Айжаркын

Аста сүйлөп сиз деген

Айжаркындын мүнөзү

Азгырып алган көңүлдү

Айжаркындын бир өзү

Ай деймин бирок ай эмес

Ага окшоп кетет бпр элес

Азыркы күндүн эркеси

Айжаркын айдан кем эмес

Гүл деймин бирок гүл эмес

Күйгүзөт бирок күн эмес

Айжаркын өзүң окшойсуң

Гүл менен күнгө бир элес

Тазалыгы суудайым

Тал-тал чачиң буудайым

Айжаркынга жеткирчи

Арманда койбой кудайым

Бойун тикен талдайым

Сөзүң ширин балдайым

Алышып ойноп бир жүрсөм

Айжаркын менен ар дайым

Куш ичинде газдайым

Гүл жайнаган жаздайым

Кылыгы кымбат алтынсың

Көңүлдөн кетпес жаркынсың

Жанымда жүрсөң буралып

Жазыла турган жарчымсың

Айжаркын айдын шооласы

Айжаркын күндүн ноодасы

Айжаркын менен түгөнсүн

Ашыгылыктын соодасы

Кыз алышып кыз берип

Урукташ болуп жүрөлүк

Кырк жылдан калсак көрүшпөй

Унутпас болуп жүрөлүк

Айталбай эчен күн өттү

Ашыгылык мени жүдөттү

Ак бетиңден жыттасам

Айжаркын сендей чүрөктү

Атыр жыттуу койнуңа

Алпурушуп уктасам

Аябай азык болбойбу

Алкымыңдан жыттасам

Тамашаң менен таң атса

Күлкүң менен күн батса

Арманы жок бозойдун

Гүл койнунда бир жатса

Арканда чачиң чубалып

Аппак бетиң нур алып

Азил мазак сөз айтсам

Ака дейсиң уялып

Болжогон ойго жетемби

Боюңа боюм кыналып

Азаада жаркын кырчын жан

Ашык болдум сыртыңдан

Кабар алчы кыйнабай

Какшаган мендей ырчыңдан

Атагы чыккан күн Ак-Суу

Тең жайлайлы Айжаркын

Ыс булак, Бахбур улук жер

Тең жайлайлы Айжаркын

Унутпас болуп жүрүүгө

Бел байлайлы Айжаркын

Ак шайыр

Адырга чыккан ак гүлдүн,

Бурагы сенсиң Ак шайыр.

Ак-Суучунун кыздарын,

Чырагы сенсиң Ак шайыр.

 

Токтогул мектеп жаңыдан,

Топтошот балдар залыдан.

Жаш жүрөк сени деп жүрөт.

Ажырар бекен кабыдап.

 

Токтогулдун мектеби,

Токтолуп эсген кетпеди.

Ойлоп көрсөм Ак шайыр,

Өзүңө бир кыз жетпеди.

 

Карап койсоң өзүмдү,

Көңүлүм азап бөлүндү.

Сен үчүн сатып алганмын,

Беш күндүк жалган өмүрдү.

 

Ич көйнөгүң шайыдан,

Ичке жип менен кайыган.

Кайгылуу болом сен үчүн,

Сен кайдасын мен үчүн.

 

Тоого чыккан топ гүлдүн,

Бурагы сенсиң Ак шайыр.

Токтомушчу кыздардын,

Чырагы сенсиң Ак шайыр.

 

Мектептин сындуу салынган,

Ак Шайыр менен жабылган.

Томсортуп таштап кетпегиң,

Тобокел сага багынам.

 

Тишиң майда тизилген,

Тиктесем жүрөк эзилген.

Ажыратып алсам дейм,

Ашык болгон кишиңден.

 

Кашыңдын үстү кара кал,

Көзүңдүн үстү зер, завар.

Мен жүрөмүн сени деп,

Сен дүйнөдөн бекабар.

 

Осмон болсом кашыңда,

Жоолугуң болсом башыңда.

Байлап алсаң мейличи,

Жүрөгүмдүн чачына.

 

Сүйгөнүм кетти алыска,

Чыдадым жалгыз калышка.

Кантемин сүйгөн канат жок,

Артыңдан учуп барышка.

 

Кара суу жакшы өрдөккө,

Кайрылып карайм көрмөккө.

Кайрылып карап көралбай,

Хайыл болом өлмөккө,


Өдөлөй чыгат өзөн тал,

Өксүтөт сүйүү кыйын зар.

Окууга кетсең жан курбум,

Ойлоно бербей жакшы бар.


Асманда учат куш деген,

Агарат шибер буу менен.

Алыска кеткен сүйгөнгө,

Агып жетсем суу менен.


Ылы-Суу жакшы өрдөккө,

Ынтызар болом көрмөккө.

Ынтызар болуп көрө албай,

Ыраазы болом өлмөккө.


Топ-топ чыгат өзөн тал,

Томсорот сүйүү кыйын зар.

Токтомуш кетсең жаш курбум

Толгоно бербей жакшы бар.


Кат жазарсың барганда,

Кайгыңды тартып калганда.

Саламат болсом барамын,

Чөп бүтүп тарап барганда.


Сулуум

Ай тиет тоодон кылайып.

Ар күнү ырдайм муңайып.

Ай чырайлуу Сулуум,

Куруган жарын мен гарып.


Күн тиет тоодон кылайып,

Күндө ырдаймын муцайып.

Күн чырайлуу Сулуум,

Күйүттүү жарын мен гарып.


Белестен тийген айга окшоп,

Бетиме түшөт жарыгың.

Бек кызыдай Сулуум,

Безилдеп ырдайт гарыбың.


Капталдан тийген айга окшоп,

Кашыма түшөт жарыгың.

Хан кызыдай Сулуум,

Какшап ырдайт гарыбың.

 

А.Примбериев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.