САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Акылбек Жаңыбаев

САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Акылбек Жаңыбаев

Жаныбаев Акылбек Маматисаевич 1976-жылы Кара-Көл айылында туулган.

 

1983-1993 жылдары №10 В.П.Чкалов атындагы орто билим беүү мектебинде окуган. Эмгек жолун айылдагы мектеп интернатында тарбиячы болуудан баштаган.


Азыркы учурда Кара-Көл айылында АФХ мекемесинде бухгалтер болуп эмгектенүүдө. Беш баланын атасы.



Колуңдагы көз мончок

 

Сени сүйүп сезимдерим жарадар

Сенин сүйүүң уу жутканга барабар

Мен жалбарып карайм сени үмүттө

Мындай кылба мен да адаммын бурадар

 

Көзгө жылуу колуңдагы көз мончок

Качан болсо сени ээрчийм колоктоп

Кээ күндөрү жатып алып өзүмчө

Ыйлап алам жаш балача шолоктоп

 

Кой алтыным минтип боюн көтөрбө

Калп үшкүрүп көп жасалма жөтөлбө

Менин сага айта турган сөзүм бар

Үмүт шамын күйгүзүп кой өчөрдө

 

Жолугууга чакыруу

 

Көңүл деген кетет кээде көкөлөп

Кел учалы аны минип экөөлөп

Бүгүн дагы чыгып койчу бир жолу

Жетелешип бир басалы көчөлөп

 

Сүйүү деген жетелеген азгырык

Шаштырат го болсо деле жайчылык

Жүргөн кезде жетелешип бир басып

Ой пикирлер кетчүү болду чачылып

 

Кой карындаш антип мени караба

Туз сүртбөчү ооруп жаткан жарага

Жүрөк чиркин көп көңүлчок болчеле

Сүйүп калып, сүнгүбөйүн санаага

 

Кой карындаш антип мага сүйлөбө

Кайран жүрөк сенен катуу сүрдөөдө

Дартым кармайт, давлениям бар эле

Жүрөк байкуш жым туралбай жүдөөдө

 

Кой карындаш кол алышып коштошбо

Атың айтчы оңой болот жоктошко

Аргасыздан атың сурап жибердим

Ал жетбеди тормоз басып токтошко

 

Тагдырга кайрылуу

 

Түшүнбөй койдум тагдырдын ою эмнеде

Сүйлөштүк көп жыл кошбоду анан эмнеге

Антташып ар күн жолугуп жылда жүрчелек

Түшбөдүк беле "Махабат" деген кемеге

 

Таарындым сага муш түйүп нечен гүүлөндүм

Тескери карап артыңдан нечен сүйлөндүм

Акыры бир күн кол шилтеп баарын урдум деп

Ойлонбой туруп башка бир жанга үйлөндүм

 

Улгайдым эми балдарым болду өзүмдөй

Өтүптүр өмүр зымырап көзгө көрүнбөй

Суранам тагдыр кордобо менин балдарым

Жашасын алар жомоктой таттуу өмүрдө

 

Суранам тагдыр жалынга салба кызымды

Алыс кыл андан махабат деген кырсыкты

Өтүнөм тагдыр көз салгын менин уулума

Көз артып калса кайсы бир көйрөн сулууга

Жердештерге салам кат

 

Кайран Сары кол тарап кеттиң туш тушка

Ишендиң ээ кээлер айткан укмушка

Мейли эми кайда жүрсөң аман бол

Мойун сунуп мокочодой турмушка

 

Кайран Элим жатак элек зерикчээл

Кыйнабасын кырсык басып "шериктер"

Эми жердеш бекем буугун белиңди

Жалкоолордон көптөр качып жээришер

 

Эсте калып таштап келген жылгалар

Эстеп алып мекендерин ырдашаар

Эптеп эми оокатыңды кыла бер

Эски сөз бар" кыбыраган кыр ашар"

 

Жолукканда көрүшүп кой биз менен

Жердешиңбиз унуттуңбу биз деген

Биз бир кезде бир кудуктан суу ичип

Бир чыкканбыз бурганактуу чилдеден

 

Арадан кеткен досторго

 

Арадан өтүп ай жылдар

Арманда жүрөк жанчылар

Эстесем алтын досторду

Каректен жашым тамчылар

 

Жаштык кез жүрөк жыргалы

Негедир каардуу ырдады

Арадан силер кеткенде

Кайгырып жүрөк туйлады

 

Өмүрдү берген жараткан

Ар кимге ар кыл тараткан

Жолоочу окшоп элестейт

Улоодо бирге бараткан

 

Ар кимдин болуп арманы

Таштайбыз бир күн жалганды

Артында калган ар бир жан

Көрүшөт башка салганды



Бул ыр саптарды, бул дүйнөдөн

өтүп кеткен досторум

Абдыкааров Кадырбердиге,

Байсеитов Жоомартка,

Токтобеков Мамбетке жана

Бактыбаев Дөөлатбектерге арнадым














.

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.