Сары колум

Сары колум

Сагындым сары колдун абасыны,
Сагындым кенең жайык талаасыны.
Киндик кан тамган жерим Токтомушум,
Ал дагы сагындыго баласыны.

 

Тиктесемда тоолорумду миң ирет,
Көз кумарым тойбогондой билинет.
Ичимдеги сырларымды айтамын,
Аска тоолор кучагына сиңирет.

 

Сенден чыккам алыстарга сапарга.
Оңой олтон оокат таап жашарга.
Күнү бою жумуш менен алекмин,
Сени эстеймин бал уйкуга жатарда.

 

Токтобек Камаров
Мургаб району Токтомуш айылы
www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.