Сары-Колум алтын бешигим

SK altyn beshКаймакка тойгон балдардын, кыпкызыл толмоч беттери

Аксакалдардын боз үйдө, сүйлөшкөн таттуу кептери

Ак чөлмөк ойноп өткөргөн, Сары-Колдун жайлоо кечтери

Чачтарды бубак басса да, эсимден али кетпеди

Санаадан такыр чыкпайсын, Сары-Колум алтын бешигим

Меймандос келет элибиз, баарына ачып эшигин

Ак калпак элим аман бол, көп болсун ырыс кешигин

 

Нурмухамед Болотбеков

Кара-Балта

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.