"Сары Колум"

"Сары Колум"

Сары колум тоосу ташы баары алтын.

Ошол тоолор арасында жашайт калкым.

Эки улут аралашып жашаса да.

Унутпай сактап келет ата салтын...

 

Эки улут илгертеден жашайт бирге.

Эч качан каршы болбой бир бирине.

Сары колдо жашап келген кыргыз тажик.

Ызат сый көрсөтүшуп бир бирине. 

 

Сары колум эчен кылым жолду баскан.

Сары колум аскаларын мөңгү баскан.

Акындар эмгек кылып жаза берсе.

Сары колум болуп калмак эң чоң дастан...

 

Сары колдо нечендеген мазары бар.

Дүйнөнү тандандырган аркары бар.

Сары колдун аска тоосун көрүп калса.

Чет элдиктер кызыгышар таң калышаар...

 

Сары колум кең памирден орун алган,

Сары колго Марко Поло чыйыр салган,

Сары колдун аркар кулжа кайыбы үчүн,

Интерлер келип жатат бүт ааламдан...


Меңиш Эгембердиева.

Мургаб району Шаймак айылы.

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.