Сары-кол

Сары-кол

Кумдарың алтын сууларың каухар
Сенчелик кандай кай жерде жер бар.
Тоолорун жакут жандыгың аркар
Кай жерге сени ким тенеп айтар.

 

Таптаза абаң кантип сын тагам
Сары-кол жерим бейиштен ашкан.
Уларың сайрайт булбулдан калбайт
Дарыяң толо, каухарлар жайнайт.

 

Асканда илбирс, асманда шумкар
Ак калпак кыргыз мекендеп турар.
Бул ааламда жок жыпар жыт чачкан.
Сары кол жерим бейиштен ашкан.

 

Тоолоруңда аркар жайылып жаткан
Артынан мерген кубалап аткан.
Өзөнүң толо кой менен топоз
Тамшанбас сага бир да жан болбос.
Сайыңда сүттөр шагырап аккан.
Майына адам мас болуп жаткан.

 

Мераж Теитбаев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.